Балдар ырыскысы менен келет: 36 жаштагы баатыр эненин баяны

Аймак Загрузка... 19 Декабрь 2025 16:32
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Кайыр Жайлообекова

Бардык материалдар

Бишкек, 19.12.25. /Кабар/. 2026-жылдын 1-январынан тарта бийик тоолуу аймактарда жашап, көп бала төрөгөн энелерге 100 миң сомдон 2 миллион сомго чейин төлөнөт. Мындай чечим аялдарды колдоо, балдардын төрөлүшүн көбөйтүү үчүн кабыл алынган.

“Кабар” маалымат агенттигинин бул жолку каарманы 36 жаштагы баатыр эне Бегимай Байзакова. Ал 7 баланы жарык дүйнөгө алып келген. Эки жыл мурда “Баатыр эне” орденин алган. Учурда Кочкор районунун Теңдик айылында жашайт.

“11-классты бүтөрүм менен турмушка чыккам. Учурда 7 балам бар. Өзүмдүн апамдын, кайын энемдин жолун жолдоп мен дагы баатыр эне болдум. Кээде кайненемдин батасы тийдиби деп ойлоп калам. Себеби, тамактанып бүткөндөн кийин дайыма неберелерим көп болсун деп бата берчү. Уйкусуз күндөр, түндөр өттү. Жолдошум жардам берди. Экөөбүз балдарды эгиздердей эле чоңойттук. Кыйын күндөр жаштыктын арты менен өттү окшойт. Азыр бактылуумун. Балдарым жанымда. Аялдардын төрөтү кыйын да. Көп баланы кантип төрөдүң деп кээде суктанып сурап калышат. Баары кудайдын колунда. Балдардын ырыскысы дагы күтүлбөгөн жерден келип калат. Биз деле көп бала төрөдүк деп бирөөгө догурунуп, мамлекеттен эч нерсе күтпөй, өзүбүз аракеттенип келе жатабыз”, - дейт Бегимай Байзакова.

Бегимай алгач ирет 18 жашында эне болгон. Улуу кызы студент. Кичүүсү бала бакчага барат. Каарманыбыз балдарын ирдентип, жолдошуна жөлөк болуш үчүн дүкөнгө жумушка орношуп алган.

“Өкүнгөнүм күйөөгө эрте тийип, окубай калганым болду. Дизайнерликке абдан кызыгам. Балдарымдын дагы кол эмгек сабагына аябай жардам берем. Алар диплом, грамота алып келсе, өзүм алгандай сүйүнөм. Кыйналсак дагы балдарды чет тил курстарына, спорт секцияларына беребиз. Биз көрбөй калган жакшы нерселерди ушулар көрсүн деп, билим берүүгө бардык аракетибизди жумшап жатабыз. Жолдошум экөөбүз тең тамашакөйбүз. Балдарды коркутуп-үркүтүп, катуу кармагандан алыспыз. Бирок албетте, анча-мынча чектөөлөр бар”, - дейт ал.

Жубайлардын түтүн булатканына 18 жыл болду. Үй-бүлө буга чейин айылдын чекесиндеги сарайда жашачу. Балдары күн сайын 20 чакырым алыстыкта жайгашкан мектепке барып окушчу. Айылга көчүп келгендерине аз эле болду.

“Көп балалуу болуу албетте кыйын эле. Айрыкча балдар кичинекей кезинде. Бир аз чоңойгон соң, финансылык көйгөйлөр башталат. Анткени ар бир баланын тамак-ашы, кийген кийими, баскан-турганы бар дегендей. Анын үстүнө азыр бардык жерде кымбатчылык. Ошонун баарын камсыздаганга аракеттенем. Өзүм мамлекеттик жумушта иштейм. Кошумча курулуш жаатында да эмгектенем. Балдарым кол арага жарап калды. Кошумча жумуш чыкса эле, ата сиз менен чогуу иштейбиз, акча тапканга жардамдашабыз деп калат. Бул мени абдан кубандырат. Анан кээ бир адамдар көп баланы кантип багып жатасын? деп сурап калышат. Мен үчүн бакканым милдет эмес. Мында Кудайдын жардамы бар, ар бир баланын өз ырыскысы бар”, - дейт Бегимайдын жолдошу Уранбек Өмүров