Бишкек, 03.10.25. /Кабар/. Алай районунда айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү жана сугат жерлерин кеңейтүү максатында Мурдаш – Согонду жаңы сугат каналынын курулушу жүрүп жатат.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул канал аркылуу азыркыга чейин пайдаланылбай келген 350 гектар кайракы жер өздөштүрүлүп, биринчи ирет суу менен камсыздалат.
Долбоорду Алай райондук суу чарба башкармалыгы ишке ашырып жатат. Жаңы каналдын курамында заманбап полиэтилен трубопроводдор орнотулуп, суу өткөрүү мүмкүнчүлүгү жогору болгон инженердик-техникалык чечимдер колдонулууда.
Орнотулуп жаткан суу түтүктөрүнүн жалпы узундугу – 15 миң метр. Суу өткөрүү жөндөмдүүлүгү – 0,5 м³/сек түзөт.
Курулуш иштери 2025-жылдын 20-августунда башталып, 2026-жылдын 30-ноябрына чейин аяктайт деп пландалган.
Белгиленгендей, бул долбоор суу чарба инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында ишке ашырылып, аймактагы айыл чарба өндүрүшүн кеңейтүүдө жана фермерлердин кирешесин жогорулатууда маанилүү роль ойнойт.