Кыргызстан тоңдурулган жашылча-жемиштерди экспорттой баштайт

Экономика 12 июнь 2025 11:25
tn1_glubokaja_.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
505916635_1246038910361916_3621428435923816823_n.jpg
506347979_1246038693695271_607564543044152187_n.jpg
506335243_1246043050361502_4450954372593477903_n.jpg
506123699_1246044480361359_2768731382450368061_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 12.06.25. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кайра иштетүү тармагындагы "3+2" долбоору боюнча ийгиликтүү иш алып барууда.

Ведомствонун маалыматына караганда, аталган долбоордун алкагында Москва райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы "Кыргызцентпродукт" логистикалык борборунун жетекчиси М.Д. Белошаров менен жолугушуу өткөрүп, биргелешкен кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту. 

Келишимге ылайык, логистикалык борбор брокколи, түстүү капуста, стручковый фасоль, помидор жана башка жашылчаларды ыкчам тоңдуруу (шоковая заморозка) технологиясы менен кайра иштетип, таңгактап экспортко жөнөтөт.  

Өндүрүлгөн продукция коңшу мамлекеттерге экспорттолот. Ошол эле учурда, жогорудагы жашылчаларды өстүрүүдө "Кыргызцентпродукт" жергиликтүү дыйкандарды кызматташууга чакырат.

Ишкананын дареги: Чүй облусу, Беловодское айылы, Шолохова көчөсү, 12/10.