Жакында Чүйдө айнек заводу ишке кирет – 300 жумуш орду түзүлөт

Экономика 239 20 Август 2026 12:30
1351705.1.1482033390.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 20.08.26. /Кабар/. Чүй облусунда айнек продукциясын өндүрүүчү "Гласс борбор" ишканасын август айынын аягында ишке киргизүү пландалууда.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, ишканада 300 жаңы жумуш орду түзүлүп, айына 12 миң чарчы метр, ал эми жылына 144 миң чарчы метрден ашык продукция өндүрүү күтүлүүдө.

Өндүрүштө айнек пакеттер жана жарыкты чагылдыруучу айнектер чыгарылат.

"Долбоор ички рынокту ата мекендик продукция менен камсыз кылууга, импорттук материалдарга болгон көз карандылыкты азайтууга жана өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүүгө багытталган", - деп айтылат маалыматта.

Жаңы ишкананын ишке кириши менен 300 адам жумуш менен камсыздалып, салыктык түшүүлөрдүн көбөйүшүнө жана Чүй облусунда өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө шарт түзүлөт.