Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Бүгүн президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Түп айылындагы курулушу аяктаган сейил бактын абалы менен таанышып, аткарылган иштерге баа берди.
Башкармалыктан билдиришкендей, долбоор президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ишке ашырылды.
"Сейил бактын жалпы аянты 3,5 гектарды түзөт. Жаңы коомдук жай жергиликтүү тургундардын жана коноктордун эс алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле маданий-массалык иш-чараларды жана үй-бүлөлүк эс алууну уюштуруу максатында курулган", - деп айтылат маалыматта.
Сейил бактын аймагында төмөнкү объектилер жайгашкан:
- балдар аянтчасы - 180 чарчы метр;
- воркаут аянтчасы - 180 чарчы метр;
- 300 орундуу амфитеатр;
- унаа токтотуучу жай;
- жарманке үйлөрү;
- жети заманбап аттракцион жана башка эс алуу объектилери.
Белгиленгендей, сейил бакты көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга өзгөчө көңүл бурулган. Анын аймагына ар түрдүү дарактар, декоративдик бадалдар жана гүлдөр отургузулуп, жарандардын эс алуусу үчүн жагымдуу экологиялык чөйрө түзүлдү.
Долбоордун алкагында жалпы узундугу 2,5 чакырымды түзгөн дренаждык система тартылып, жер алдындагы жана жер үстүндөгү сууларды агызуу камсыздалды. Бул иштер аймакты кургатууга жана сейил бактын курулушу үчүн зарыл шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берди.
Жаңы сейил бактын курулушу Түп районунун социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүдө жана калк үчүн заманбап коомдук мейкиндик түзүүдө маанилүү кадам болуп саналат.