300 га жерди суу менен камсыздайт. Алайда Алтын-Дара каналы оңдолууда

Аймак 19 Сентябрь 2025 11:38
IMG_8038.JPG
IMG_8037.JPG
IMG_8035.JPG
Алдыга
Артка
IMG_8038.JPG
IMG_8037.JPG
IMG_8035.JPG
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 19.09.25. /Кабар/. Чоң-Алай районундагы Алтын-Дара Р-1 (сол) каналын реконструкцияслоо иштери башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул канал Алтын-Дара МК (сол) каналынан сугат суу алып, Х-23 жана Х-17 каналдары аркылуу Кара-Шыбак жана Кум-Талаа массивдеринин жалпы 300 гектар аянтын суу менен камсыз кылат.

Реконструкция иштери каналды заманбап талаптарга ылайык оңдоо жана жаңылоо багытында жүргүзүлүп жатат. Каналдын жалпы узундугу 9,8 чакырымды түзүп, суу өткөрүү жөндөмдүүлүгү 0,5 м³/с болуп саналат. Реконструкциянын негизги максаты – сугат суу тартыштыктарын жоюп, аймактагы дыйкан жана фермерлерге үзгүлтүксүз сугат суусун берүү.

Алтын-Дара Р-1 (сол) каналынын жаңыланган инфраструктурасы сугат суунун жеткиликтүүлүгүн жана агымдын туруктуулугун камсыз кылып, айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга көмөкчү болот.