30-октябрда Бишкектин айрым конуштарында суу өчүрүлөт

Коом 27 октябрь 2025 12:41
1761536402_large.jpeg
1761536318.jpeg
Алдыга
Артка
1761536402_large.jpeg
1761536318.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 27.10.25. /Кабар/. 30-октябрда Бишкектин айрым конуштарында ичүүчү суу өчүрүлөт.

Мэриядан маалымдашкандай, ичүүчү суу “Ак Босого-1” , “Ак Босого-2” суутоптомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтойт.

Өчүрүү районуна “Ак Босого” конушу, анын ичинде №81 орто мектеп, №13 ҮБД, №2 “Алтынай” бала бакчасы, №15 жергиликтүү милиция бөлүмү, №16 МАБ кирет.

Саат 9.00дөн 20:00гө чейин турак үй, мектеп, бала бакча, саламаттык сактоо мекемелеринде, социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

“Бишкексууканал” ичүүчү сууну эрте камдап алууну суранат.