Бишкек, 30.07.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 30-июлга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн айрым тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал.
Абанын температурасы Чүй облусунда +32...+37, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +34...+39, Талас облусунда +30...+35, Ысык-Көл облусунда +26...+31, Нарын облусунда +27...+32 градус болот.
Борбор каалада абанын температурасы +34...+36 градус болушу күтүлөт.