3 жылда "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясы үчүн президенттик фонддон 177 млн сом бөлүнгөн

Коом Загрузка... 15 Сентябрь 2025 14:28
2780126.079261222a52799e40ea69352f2e84ee.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 15.09.25. /Кабар/. Үч жылдын ичинде "Эл үмүтү" эл аралык стипенсиясы долбоорун ишке ашыруу үчүн КР президентинин фондунан 177 млн 747 миң 727 сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришти.

Маалматка ылайык, "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясы төртүнчү жыл ишке ашырылууда. Алгачкы кабыл алуу 2022-2023-окуу жылында өткөрүлгөн.

Бул каражаттар Кыргызстандын таланттуу жаштарын колдоо максатында, магистратура жана докторантура (PhD) деңгээлинде билим алуу үчүн дүйнөлүк рейтингде алдыңкы 100дүккө кирген чет өлкөлүк жогорку окуу жайларына (QS World University Rankings жана Times Higher Education версиясы боюнча) бөлүнгөн.

Мындан тышкары, 2025-2026-окуу жылына "Эл үмүтү" стипендиясына жалпы 89 талапкер документ тапшырган. Алардын ичинен 39 талапкердин кандидатурасы Республикалык комиссиянын кароосуна жөнөтүлгөн. Так жана кылдат тандоонун жыйынтыгында 30 талапкер стипендиант катары аныкталып, 9 талапкердин кандидатурасы четке кагылган.