Бишкек, 04.11.25 /Кабар/. "Кыргызсериал" мамлекеттик мекемесинин директору Эрмек Амантур уулу "Кабар" агенттигине мекеменин ишмердүүлүгү жана акыркы жылдардагы жетишкендиктери тууралуу айтып берди.
"Биз улуттук сериалдарды өндүрүү менен алектенебиз. КР президентинин "Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгын аткаруу максатында түзүлгөн уюмга бүгүнкү күндө үч жыл болду. Бул убакыттын ичинде мекеме ар түрдүү жанрдагы жана тематикадагы 20дан ашык сериалды тартууга жетишти. Булар негизинен мамлекеттик телеканалдарда жана ата мекендик онлайн-платформаларда ийгиликтүү көрсөтүлүп жаткан социалдык мааниси бар долбоорлор," — деп белгиледи Эрмек Амантур уулу.

Анын айтымында, "Чоочун киши", "Тайган", "Мурас" сериалдары бүгүнкү күндө онлайн-платформаларда миллиондогон көрүүлөрдү топтоду.
"Азыр "Чоочун киши" сериалынын финалдык сезону, "Тайган" сериалынын экинчи сезону тартылып жатат, жана көрүүчүлөрүбүздүн реакциясына караганда, бет ачарлар чоң кызыгуу менен күтүлүп жатканы көрүнүп турат. Сериалдар аяктоо стадиясында жана жылдын аягына чейин тасмалардын бет ачарын өткөрүүнү пландаштырып жатабыз. Көрүү жана прокатка чыгуу көрсөткүчтөрү абдан жогору. "Кыргызсериал" үч жылдык ишинде жакшы натыйжаларга жетишип, алдыга коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткарып жатат деп айтууга болот," — деди директор.
Эрмек Амантур уулу белгилегендей, быйыл "Кыргызсериал" коомчулукка биринчи тарыхый сериалды — "Кара Кыргызды" тартуулоого даярданууда. Долбоор Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн калыптануусундагы негизги этаптарды жана бул окуяларда маанилүү ролду ойногон көрүнүктүү инсандар тууралуу баяндайт.
"Сериал көрүүчүлөрдү өлкөнүн тарыхы менен драмалык жана кызыктуу окуялар аркылуу тааныштырат," — деп кошумчалады директор.
Ошондой эле ал "Кыргызсериал" чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташтыкты жигердүү өнүктүрүп жатканын белгиледи.

"Муз үстүндөгү гүлдөр" спорттук сериалы өлкө ичинде гана эмес, анын чегинен тышкары да көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурду. Ал бир катар чет өлкөлөрдө көрсөтүлдү, атап айтканда, Германиядагы Schlingel балдар жана өспүрүмдөр үчүн өткөн 30-юбилейлик кинофестивалдын программасына кирди. Андан тышкары, бул долбоор Казакстандагы сериалдар фестивалында көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүк сыйлыгын алып, эл аралык аудитория арасында популярдуулугун тастыктады.
Учурда Казакстан жана Россия менен сериалдарды жайылтуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, конкреттүү сунуштар бар. Азыр сүйлөшүүлөр талкуулоо стадиясында жана биз башка өлкөлөр менен кызматташтыкты кеңейтүүнү пландаштыруудабыз. Бул багытта жигердүү иштер жүрүп жатат," — деп белгиледи Амантур уулу.