Бишкек, 07.09.25. /Кабар/. 3 күндө Ысык-Көлдөн 15 100 метр тор чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Тазалоо иштери 5-6-7-сентябрь күндөрү өтүп, анда суучулдар көлдүн Түп районунун Күрмөнтү айылынан баштап Өрүктү айылына чейинки аянтын тазалашкан.
Ысык-Көлдү мыйзамсыз салынган торлордон тазалоо иштерине жалпы 30 суучул тынымсыз иш алып барууда.