3-кичи райондо ысык суу берүү убактылуу токтотулду

Коом Загрузка... 09 Июль 2025 12:30
1752038209_large.png
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 09.07.25. /Кабар/. Бүгүн, 9-июлга караган түнү Бишкектин Койбагаров көчөсүндөгү №1 үйдүн түндүк тарабындагы жылуулук тармагы бузулган.

Муниципалитеттен билдиришкендей, буга байланыштуу 3-кичи райондогу №1, 2, 3, 3/2 турак үйлөрүндө ысык суу убактылуу өчүрүлдү.

Учурда оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Саат 17:00гө чейин ысык суу берүү калыбына келтирилет.

Бишкек мэриясы учурдагы кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.