Бишкек, 01.07.25. /Кабар/. 3-июлда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, 3-июлда саат 10:00дөн 18:00гө чейин Алыкулов көчөсү - Л.Толстой көчөсү - П.Лумумбы көчөсү - Мурман көчөсү менен чектелген аймакта суу берүү токтотулат.
Суу Чайковский көчөсүндөгү диаметри 400 мм болгон суу түтүгүндөгү аварияны жоюуга байланыштуу токтотулмакчы.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.