3-августка карата күтүлгөн аба ырайы

Коом Жүктөлүүдө... 03 Август 2026 10:00
732769543_3892507380892432_5608285850485375400_n.jpg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 03.08.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 3-августка карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +34...+39, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +34...+39, Талас облусунда +30...+35, Ысык-Көл облусунда +28...+33, Нарын облусунда+29...+34 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +37...+39 градуска жетет.