29-май – Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн күнү. Мекен алдындагы улуу милдет

Коом Загрузка... 29 Май 2025 10:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Данияр Исанов

Бардык материалдар

29-май... Дал ушул күн эркиндик туусун желбиреткен Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөн күнү катары белгиленип келет. Эгемен элибиздин бул сыймык арттырган Куралдуу күчтөрүнүн күнүндө туруп, оо эзелкини улаган уңгулуу элдин уюткусу жана жоодон коргогон жоокердик милдет тууралуу учкай кеп козгойлу дедик.

Мекен сакчысы – элдин тиреги, сыймыгы. Туусун түшүрбөй бийик кармаган намыскөй уулу.

Бар нерсенин баркын билбеген адамды акыры-түбү мээнет тооруйт. Кырсык басат. Кыйын кезеңге туш келет. Жаратылыштын жазылбаган мыйзамы дал ушунда. “Эмнени эксең – ошону оросуң” деген сөздүн түбүн түшүнгөн эстүү жан алешемдик кетирбейт. Баскан кадамына аяр карап, алдыдагы күнүн болжоп, анан өмүр көчүн улайт.

Кылымдар бою ата-бабаларыбыз Мекен деп кашык канын аябай жанын садага чабышты. Көөдөнүн намысы тиреп, оюнан Ата Журту чыкпаган уулдар улутту аман сактады.

Кыйырларда ат чаптырып, канатташ элдерге өзүнүн меймандостугу, жоомарттыгы менен аңыз болгон кыргыздын эр жүрөк уландары башына калайман күн түшкөндө мекени үчүн калкан болуп тосулуп, октон тайманбай кылыч шилтеген. Баатырдыгы менен даңкы далайга угулган андай шерлердин эрдигин уламадан угушкан келечек муун ээлери, сааттар бою айтылган дастандарды боюна терең сиңирген. Кийин кезеги келгенде алар да өзүнүн балакатка жетелек, балтыр эти толо элек ордун басчу уул-кыздарын көөдөнү тунук болсун деп наркы теңдешсиз мурастар менен тарбиялашкан. Кыргыздын улуулугу ушунда.

Кеп тыңшаганды билген кыргыз – сөзгө сөлтүк болгон эмес. Анткени турмуштук тажрыйбалардан улам такшалып олтуруп канчалаган кыйын кысталыштарда курчуган кыргыз турмушту тааный билүүгө үндөгөн чылкый философиядан турган омоктуу ойлордун жыйындысын, макал-лакаптары менен эле ашынган тентегин тескеп туура жолго салган. Сөздү түшүнгөн адам ошол макал-лакаптан, жорго сөз, жомок кептен туура тыянак чыгарып, оңго жолго кадам таштаган. Оболу өзүн курчаган чөйрөсүн таанып билип, табият менен камыр-жумур болуп аралашкан. Канды кызыткан “Манаска” баш багып, уңгудан уланууну көксөгөн.

Абийири бар адам – Ата Журтун өз жанынан өйдө коёт!

“Акыры башта бир өлүм!” – деген сөздү эл тегин жерден чыгарбаса керек!? Намысты туу кылып бийик кармаган журт жоголуп-жоюлбай аман келди. Биздин азыркы бактыбыз, чабылып-чачылбай аман сакталып келгенибиз да, дал ошондон.

Кыргызды кыйратабыз, жеринен аздырып-тоздуруп тентитебиз, тукум курут кылабыз деген бир кездеги алдуу империялардын азыр сайда саны, кумда изи жок. Тарыхта аты гана айтылып, өзөгүнөн ажырап, күнү бүгүн башка бир улуттарга аралашып сиңип жок болуп кетти.

Мекен!

Мекенди – жалаң эле бука моюн буура сан, алп билек менен башкарбай акыл менен башкара билген элден Бакай өңдүү даанышман уулдары арка-жөлөк болгону үчүн кыргыз кыргыздыгын сактады.

Оозунан ыры төгүлгөн акынын, түндөп айтса түгөнбөгөн “Манасын” тыңшаган элди алсыратыш эч мүмкүн эмес эле. Анткени, ички духтун бекемдиги кылымдар бою айтылган санжыра-санатыбызда, Улуу Манасыбызда, булбул болуп таңшыган комуз күүлөрүбүздө катылган. Тамырыбыз тереңде, өзөгүбүз дал ушул руханий улуу мурастарда жатат.

Акыл менен күчтү айкалыштыра билген жоокерден нагыз баатыр чыгат!

Баатыр өз боюна баардыгын батыра билген сапатка ээ. Дал ошон үчүн “эрдин ичине – ээр токумдуу ат батат” деп сыпаттаган эл баатырын барктап, анын амандыгын тилеген. А баатыры – мекен үчүн башын сайып, от болуп жанып, ок болуп душманына таамай тийген.

Байыркы доор, орто кылым, андан береги калмак-жуңгар жапырыгында эчен жолу жабыр тартып, анан Кокон бизди кокологондо да журтун коргогон кыргыздан далай-далай эрлери чыкты. Аттиң, чымындай жанын садага чапкан алптардын аңгемесинен канат байлап, аларды көкүрөккө медер туткан ата-бабаларыбыз эркиндикти миң жылдар бою самап келип, анан ага күбө болбой ат башындай арман менен акырет кете беришти. Алардын олтурса-турса эңсеген эгемендик күнүнө биз күбө болуп олтурабыз. Биз жана бизден кийинки муун эркиндиктин баасын жана баркын аңдап, өз өмүрүбүздөн өйдө коюуга милдеттүүбүз!

Кыргызстан эгемендик туусун желбиреткен күндөн бери карай ортодо эл бир нече ирет тирештерге күбө болду. Тынч жаткан элдин бейпил турмушун бузуп кирген кечээки апааттуу коогалаңдарда али да канында “Манас” руху ойногонун кыргыз жоокерлери эң сонун айгинелей алышты. Демек, бир ууч кыргыз жай турмушта бириндеп чачылганы менен канында ойногон касиети аркасында заматта бир муштум болуп бириге калып, сугу артып мекен чегин басып кирем деп демиккендерди эсине келтирип койчу дарамет-күчкө али да эгедер экенине көкүрөк толо сыймык артам.

Билегинде күч, боюнда кубат, оюнда ар убак Ата Журтка деген аздек сезими жашап, намыс менен эгемендик туусун бийик кармаган Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн жоокерлеринин асманы ачык болсун. Бар болгула, жоодон жалтанбаган, октон тайманбаган, арстан жүрөк кыргыз жоокерлери!