Милиция 29-августтан тарта күчөтүлгөн тартипте иштейт

Коом 138 14 Август 2026 11:20
759717119_984927444602324_4261463119352581112_n.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 14.08.26. /Кабар/. 29-августтан 6-сентябрга чейин мамлекеттик маанидеги иш-чараларга байланыштуу Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым аймактарында жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, көрсөтүлгөн мезгилде ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурушат.

Айрым жол тилкелеринде транспорт каражаттарынын кыймылы мезгил-мезгили менен убактылуу жабылышы мүмкүн.

ИИМ жарандардан киргизиле турган чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылып, жол тыгындарына кабылбоо үчүн каттамдарын алдын ала пландаштырууну сунуштады.