29-августта борбор калаанын бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт

Коом Загрузка... 22 Август 2025 14:45
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 22.08.25. /Кабар/. 29-августта борбор калаанын бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 29-августта саат 10:00дөн 22:00гө чейин Л.Толстой көчөсү – Асаналиева көчөсү – Фучика көчөсү – темир жол линиясы – Садырбаев көчөсү менен чектелген аймакта суу болбойт.

Суу Л.Толстой көчөсүндөгү диаметри 200 мм суу түтүктөрүн кайра туташтырууга байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.