28-июлга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом Жүктөлүүдө... 28 Июль 2026 08:55
IMG_5299.webp
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 28.07.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 28-июлга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +31...+36, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +34...+39, Талас облусунда +29...+34, Ысык-Көл облусунда +24...+29, Нарын облусунда +27...+32 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +33...+35 градус болушу күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.