Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 27-июлга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу бар, ал эми дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.
Абанын температурасы Чүй облусунда +32...+37, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +33...+38, Талас облусунда +29...+34, Ысык-Көл облусунда +25...+30, Нарын облусунда+28...+33 градуска жетет.
Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +34...+36 градус болушу күтүлөт.