27-августта Бишкектин түштүк аймагында суу өчөт

Коом 24 Август 2026 16:10
1043906911_0_0_3075_1730_1920x0_80_0_0_877bd0d4af102278d8098886aad9afd3.jpg
WhatsApp Image 2026-08-24 at 15.53.47.jpeg
Алдыга
Артка
1043906911_0_0_3075_1730_1920x0_80_0_0_877bd0d4af102278d8098886aad9afd3.jpg
WhatsApp Image 2026-08-24 at 15.53.47.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 24.08.26. /Кабар/. 27-августта Бишкектин түштүк аймагында суу өчөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 27-августта саат 09:00дөн саат 21:00гө чейин 9-кичи райондун бир бөлүгү, Малдыбаев көчөсү - Сүйөркулов көчөсү - К. Тыныстанов көчөсү - И. Ахунбаев көчөсү менен чектелген аймакта суу болбойт.

Суу берүү диаметри 200 мм болгон суу түтүгүндөгү аварияны жоюу иштерин жүргүзүүгө байланыштуу убактылуу токтотулат.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап коюуну суранат.