Бишкек, 26.10.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 26-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
Абанын температурасы Чүй облусунда+9...+11, Талас облусунда +7...+12, Ош, Жалал-Абад облустарында +16...+21, Баткен облусунда +15...+20, Ысык-Көл облусунда+9...+14, Нарын облусунда +11...+16, градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +10...+12, градуска жетет.