$260 млн инвестиция. Чаткалда ГЭСтер каскадынын курулушу башталды

Аймак 28 Апрель 2026 13:00
1.jpg
2.jpg
680676193_2071004437100143_1260742792416088574_n.jpg
680704496_2071004653766788_6256036060947479862_n.jpg
680744035_2071004633766790_1153523650006180099_n.jpg
680744035_2071004927100094_5334838253880242828_n.jpg
682304339_2071004847100102_8227301970867138662_n.jpg
682346315_2071004917100095_8844159946294573140_n.jpg
682393664_2071004867100100_8236926956717233895_n.jpg
682483175_2071004513766802_6159407202277717752_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 28.04.26. /Кабар/. Бүгүн Чаткал районундагы ГЭСтер каскадын куруу иштерине старт берилди.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, ГЭСтер каскадын куруу долбоору мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашырылып, ага 259,8 млн доллар өлчөмүндө инвестиция тартылат. Мындан тышкары, миң гектардан ашык жер аянттары сугат суу менен камсыз болот.

Бүгүн анын алкагында эки ири энергетикалык долбоордун курулушу башталды. Биринчиси Каныш-Кыя айыл аймагынын "Кара-Корум" участкасында кубаттуулугу 5 МВт болгон муниципалдык чакан ГЭС, экинчиси Жаңы-Базар айылында кубаттуулугу 1 МВт болгон муниципалдык күн электр станциясы.

Чакан ГЭС жылына орточо 20 млн кВт/саатка жакын электр энергиясын өндүрүүгө жөндөмдүү болсо, күн электр станциясы жылына 1,6 млн кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгарат. Бул көрсөткүчтөр аймактагы электр энергиясына болгон тартыштыкты азайтып, импортко болгон көз карандылыкты төмөндөтүүгө өбөлгө түзөт.

Долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жалпысынан 8 млн долларга жакын инвестиция тартылат. Каржылоо булактары катары мамлекеттик колдоо, муниципалдык ресурстар жана жеке инвесторлордун каражаттары каралган. Курулуш иштери аяктагандан кийин 100дөн ашык жаңы жумуш орундары түзүлөт.