25-декабрда Бишкектин кайсы көчөлөрүндө суу болбойт? Тизме

Коом Загрузка... 22 Декабрь 2025 16:40
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 22.12.25. /Кабар/. 25-декабрда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 25-декабрда саат 10:00дөн 18:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймактарда суу берүү токтотулат:

  • Турусбеков  көчөсү Жибек жолу проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин;
  • Жибек жолу, Дзержинский,  Баялинов  көчөлөрү  Ала-Арча дарыясына чейин жана Жибек жолу проспектиси.

Суу Күрөңкеев  көчөсүндөгү D-400 мм суу түтүгүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.