Борбор калаанын айрым жерлеринде 25-августта суу өчөт

Коом 21 Август 2026 11:50
2022-06-23_09-30-10_928673.jpg
782997289_1384571327132764_2650150647264850675_n.jpg
Алдыга
Артка
2022-06-23_09-30-10_928673.jpg
782997289_1384571327132764_2650150647264850675_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. 25-августта борбор калаанын айрым жерлеринде суу өчөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 25-августта саат 9:00дөн 21:00гө чейин Политехническая жана Водопроводная көчөлөрүндө суу болбойт.

Суу берүү диаметри 150 мм болгон эки клапанды алмаштырууга байланыштуу убактылуу токтотулат.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап коюуну суранат.