Бишкек, 19.08.25. /Кабар/. Саналуу күн мурун Ысык-Көл облусундагы эс алуу жайларынын биринде жаш жигиттин каза тапканы тууралуу маалымат социалдык тармакта тарады. Анын өлүмүнө топ балдар менен болгон мушташ себеп болгону айтылууда. “Кабар” агенттиги окуянын чоо-жайын билүүгө аракет жасады.
“Кабар” агенттигине Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 16-августта болжол менен саат 10:25 чамасында Ысык-Көл райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө Чолпон-Атадагы эс алуу жайларынын биринде 2001-жылы туулган А.А. аттуу жигит каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Териштирүүдө маркум кесиптештери менен Бишкек шаарынан көлгө эс алууга келгендиги, эс алуу жайдын аймагында белгисиз адамдар менен өз ара пикир келишпестиктен улам жаракат алып, кийинчерээк каза болгону аныкталган.
“Окуя болгон жерден далил буюмдар табылып алынган. Аталган фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Шектүү катары 14, 17 жана 19 жаштагы үч жаран кармалган. Соттун чечими менен алар эки айга камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда”, - деп белгилешти министрликтен.
Ал эми Саламаттык сактоо министрлигине байланышканыбызда 24 жаштагы бейтаптын өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн адистерден турган комиссия түзүлөрүн билдиришти. Ошондой эле комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилерин кошумчалашты.

Маркумдун иниси Иса Русланов социалдык тармактагы баракчасындагы кайрылуусунда агасынын өлүмү менен коштолгон каргашалуу окуяга тиешеси бар делген адамдарды кармап, мыйзам чегинде тиешелүү чара көрүү зарыл деп эсептейт.