Күн салкындайт: 24-июлга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 24 июль 2026 09:30
Күн салкындайт: 24-июлга карата күтүлгөн аба ырайы
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 24.07.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 24-июлга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Чүй жана Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк, ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жамгыр жаайт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +29...+34, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Талас облусунда +27...+32, Ысык-Көл облусунда +20...+25, Нарын облусунда +21...+26 градус болот.

Бишкек шаарында жаан жаашы күтүлөт. Абанын табы +31...+33 градуска жетет.