24-июлда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Коом Загрузка... 22 Июль 2025 12:45
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек 22.07.25 /Кабар/. 24-июлда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей,  24-июлда  саат 10:00дөн 24:00гө чейин Ч. Айтматов проспектиси – Ахунбаев көчөсү –Табалдиев көчөсү – Ала-Арча суусу менен чектелген аймакта суу берүү токтотулат.

Бишкек мэриясы жаралган  ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.