Бишкек, 24.08.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 24-августка карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Бүгүн күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймагында, Ысык-Көлдүн айрым жерлеринде, ал эми Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29...+34, Талас облусунда +26...+31, Ысык-Көл, Нарын облустарында +21...+26 градус болушу күтүлөт.
Бишкек шаарында абанын табы +31...+33 градуска жетет.