Бишкек 21.04.25 /Кабар/. 24-апрелде Бишкектин бир бөлүгү суусуз калат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, 24-апрелде саат 09:00дөн 00:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен чектешкен аймакта суу өчүрүлөт:
- Ч. Айтматов проспектиси - Л. Толстой көчөсү (РКИБ инфекциялык ооруканасынын батыш тарабы) – Кулатов көчөсү – Игембердиев көчөсүнүн түштүк тарабы, Кулатов көчөсү- Панфилов көчөсү - М. Горький – көчөсү, Минина көчөсү – Пожарский көчөсү - М.Горький көчөсү – Ч. Айтматов проспектиси;
- Манас проспектиси - Ж.Бөкөнбаев көчөсү - Н.Исанов көчөсү – темир жол линиясы;
- Ч. Айтматов проспектиси - Балагулов көчөсү - Юдахин көчөсү - Алтымышев көчөсү – Матыев көчөсү - Л.Толстой көчөсү.
Суу диаметри 400 мм болгон Кара-Суу суу түтүгүн авариялык оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.