Бишкек, 21.06.26. /Кабар/. 23-июндан тарта Фучик көчөсүнөн тартып “Манас” эл аралык аэропортуна чейинки жолдо оңдоо иштери башталат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иштер жүрүп жаткан учурда жол толугу менен жабылбайт. Көчөнүн бир тарабы гана убактылуу жабылат.
Мэр Айбек Жунушалиевдин айтымында, 23 чакырым жолдун үстүнкү катмары алынып, асфальтталат.
"Жолду оңдоо иштери 40 күнгө созулат. Буга чейин жолдогу жарыктандыруу системасы жаңыланган", - деди шаар жетекчиси.