Балыкчыда сапатсыз жасалган жолдор кайра оңдолууда

Аймак 28 сентябрь 2026 13:30
6b67b58d-0523-44f2-b75b-ecd7eb34d5f5.jpg
4e938fb6-92d9-4cb5-b4d0-455e0451e644.jpg
04b3cd2a-83e4-4b2e-9b12-2923fe36b7ef.jpg
5f7e4edd-9d98-4708-bd88-ae1c4ecf2704.jpg
7da5118f-ce23-4da8-b34a-b9a74ff69ef6.jpg
8c5a9570-50a4-435f-ba34-51e6e330d7eb.jpg
508fa666-0fcc-4e36-af3c-019dd7a544af.jpg
5434e375-34c9-4413-9868-77259a399165.jpg
a5836c67-53dd-41a2-9bce-2ac9d633a322.jpg
b71246fd-e325-421c-8bf7-596c9e56ff34.jpg
d9fcc883-0ea8-467c-980b-4b80007c9f6b.jpg
e64285df-bcce-4d4b-b9b8-6a3a9195ae1e.jpg
f446ab95-292d-4003-98e3-31fa96a68874.jpg
fadb1847-a45e-4859-887d-9e250a6ad8e1.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Балыкчы шаарындагы Кулакунов, Тоголок Молдо жана Абдрахманов көчөлөрүндөгү жолдорду реконструкциялоодо бир катар кемчиликтер аныкталып, учурда алар кайра оңдолууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгынын текшерүүсүндө асфальт-бетон жабуусунун жука жана сапатсыз төшөлгөнү, тротуарларда, суу өткөрүүчү курулмаларда жана суу агызуучу лотоктордо кемчиликтер бар экени аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында "Чу Прокси", "4 Энерджи" жана "Капитал Консалт" ЖЧКларына жалпы 105 миң сом айып пул салынып, кемчиликтерди подряддык уюмдардын өз каражатынын эсебинен жоюу талабы коюлган.

Учурда сапатсыз аткарылган иштер демонтаждалып, аныкталган кемчиликтер кайра жасалууда. Иштердин талаптарга ылайык аткарылышы департаменттин Ысык-Көл региондук башкармалыгы тарабынан көзөмөлдөнүүдө.