Нарында 3 көчөгө 2 чакырымга жакын тротуар салынууда

Аймак 25 сентябрь 2026 10:30
copyright icon WWW

Бишкек, 25.09.26 /Кабар/. Нарын шаарындагы үч көчөдө жалпы узундугу 2 чакырымга жакын тротуар куруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясы билдирет.

Маалыматта белгиленгендей, долбоор республикалык дем берүүчү гранттын жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланууда.