Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. Нарындагы Ленин көчөсүндө жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшүндө бир катар кемчиликтер аныкталып, аларды 10-октябрга чейин жоюу тапшырылды.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, жолдун сапаты Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы тарабынан тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте текшерилди.
Текшерүүдө суу өткөрүүчү лотокторду орнотууда жана тышкы жарыктандыруу иштеринде долбоордук талаптардан четтөөлөр аныкталган.
Кемчиликтерди жоюу боюнча Жол чарба департаментине тиешелүү көрсөтмөлөр берилип, оңдоо иштерин белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүү тапшырылды.