Күн бүркөк болуп, жамгыр жаайт: 23-июлга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом Жүктөлүүдө... 23 Июль 2026 09:50
731479668_3892507664225737_2828873619349082920_n.jpg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 23-июлга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +27…+32, Талас облусунда +25…+30, Ысык-Көл облусунда +23…+28, Нарын облусунда +21…+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29…+34 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +29…+31 градус болушу күтүлөт.