23-апрелде Бишкекте эл аралык китеп фестивалы өтөт

Маданият 21 Апрель 2025 12:40
492220555_979195624372194_2351065411159459902_n (1).jpg
492477717_979196154372141_6346480792926080846_n.jpg
491826762_979196094372147_6362700777255179088_n.jpg
491938851_979196017705488_4595231460606206957_n.jpg
491972553_979199421038481_4904250454757397927_n.jpg
491933390_979195874372169_7161038365920243179_n.jpg
492000033_979195817705508_3620853058686655490_n.jpg
492042297_979195781038845_3265282483524316381_n.jpg
492004517_979195721038851_7353373836656929341_n.jpg
Алдыга
Артка
492220555_979195624372194_2351065411159459902_n (1).jpg
492477717_979196154372141_6346480792926080846_n.jpg
491826762_979196094372147_6362700777255179088_n.jpg
491938851_979196017705488_4595231460606206957_n.jpg
491972553_979199421038481_4904250454757397927_n.jpg
491933390_979195874372169_7161038365920243179_n.jpg
492000033_979195817705508_3620853058686655490_n.jpg
492042297_979195781038845_3265282483524316381_n.jpg
492004517_979195721038851_7353373836656929341_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 21.04.25. /Кабар/. Бишкек шаарындагы “Курманжан датка” эстелигинин жанындагы аянтта “XVI КИТЕП FEST – 2025” эл аралык китеп фестивалы өтөт.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, иш-чара Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата жана ошондой эле улуттук китеп басып чыгаруунун жетишкендиктерин кеңири жайылтуу жана китеп окуу маданиятын арттыруу максатында уюштурулуп, 23-апрелде саат 10:00дөн баштап кечки саат 19:00гө чейин өтмөкчү.

“XVI КИТЕП FEST – 2025” алгач Эркиндик гүлбагындагы кыргыз элине салым кошкон улуу инсандарга гүлчамбар коюу менен башталып, "Курманжан датка эстелигинин" алдында расмий бөлүк менен ачылат. Ошондой эле “Учурдагы кыргыз китептеринин жана автордук укуктарынын маселелери” конференциясы, Улуу Жеңишке 80 жыл көргөзмөсү, алгачкы китеп “АЛИППЕ – 1924-2025” көргөзмөсү, Жазуучулар союзунда котормо таануу боюнча Россиянын Жазуучулар союзунан келген акын-жазуучулардан мастер-класстар, Улуттук жазуучулар союзуна экскурсия менен коштолот. Ал эми А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада “Китеп барактарынын обону” жандуу концерти жана кызыктуу көргөзмөлөр уюштурулат. Ушуну менен катар Ала-Тоо кинотеатрында акысыз кино көрсөтүү уюштурулду.

Китеп фестивалы республика боюнча жер-жерлерде жайгашкан 1 миңден ашуун китепканаларда белгиленет. Китеп фестивалы алкагында өлкөнүн китепканаларында китеп көргөзмөлөрү, акын жазуучулар менен жолугушуулар, концерттер, конкурстар, театр оюндары жана китеп окуу боюнча кызыктуу оюн-зооктор өткөрүлөт. Ошондой эле республика боюнча жаштардын технология, инженерия, көркөм өнөр жана математика илимдерине болгон кызыгуусун жогорулатуу максатында STEAM кербени күтүлөт. Фестивалда бардык окурмандар китептерди басма баасында жеңилдетүү сатып ала алышат.

Китеп жумалыгынын негизги максаты – Кыргызстанда, өзгөчө балдар жана жаштардын арасында окуу маданиятын көтөрүү, Улуу Жеңиштин 80 жылдыгын даңазалоо, авторлордун, басма үйлөрүнүн, китепканачылардын, мугалимдердин жана башкалардын акын-жазуучулардын, жаш жазуучуларды өлкөбүздүн коомдук жана маданий өнүгүүсүнө кошкон чоң салымын белгилөө.