Бюджеттен 2,2 млрд сом бөлүндү. Ош шаарында 40 көчө оңдолот

Аймак Загрузка... 30 Июль 2025 18:28
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 30.07.25. /Кабар/. Ар бир сапаттуу жол — жарандардын күнүмдүк жашоосунун ыңгайлуулугун камсыздайт. Ошондой эле экономикалык өнүгүүнүн, социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүнүн жана жалпы жашоо сапатынын негизги шарттарынын бири болуп саналат.

Өлкөнүн экинчи борбору аталган Ош шаарында да жолдорду жана инфраструктураны жакшыртуу иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Бул максатта республикалык бюджеттен 2 миллиард 200 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 21-март күнү Нооруз майрамына арналган иш-чарада билдирген.

Президенттин айтымында, каражат негизинен шаарындагы негизги көчөлөрдү капиталдык оңдоодон өткөрүүгө багытталмак. Ош шаардык жолдор башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Шоноевдин билдирүүсү боюнча, учурда 8 ири көчөдө жана тротуарларда оңдоо иштери жүрүп жатат.

WhatsApp Image 2025-07-30 at 18.16.54.jpeg

«Республикалык бюджеттен 2,2 миллиард сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн. Анын 2 миллиард 100 млн сому Ош шаардык жолдор башкармалыгына мэрия аркылуу бөлүнгөн. Ошондой эле 100 миллион сому Капиталдык курулуш башкармалыгына бөлүнгөн. Учурда 8 чоң көчө капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө. Алар - Инам Саидов, Волгоград, Тимирязев, Навои, 47-көчө, Күрөңкеев жана Касымбеков көчөлөрү. Булардын ичинен 6 көчө 25-августка чейин бүткөрүлөт. Калган эки көчөнүн оңдоп-түзөө иштери кийинчерээк аягына чыгарылат», — деди Шоноев.

Анын айтымында, быйыл жалпысынан 40 көчө оңдолот. Бүгүнкү күндө алардын 15и эксплуатацияга берилди.