22 өлкөнүн окуучулары Түндүк уюлга экспедицияга жөнөштү

Дүйнө 7 август 2026 09:05
22 өлкөнүн окуучулары Түндүк уюлга экспедицияга жөнөштү

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 07.08.26. /Кабар/. 22 өлкөнүн окуучулары Түндүк уюлга экспедицияга жөнөштү. Бул тууралуу Казинформ TV BRICS'ке шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, эми өспүрүмдөр Арктикада он күн окумуштуулардын эмгектери менен таанышып, изилдөөлөргө катышып, Түндүк уюлда болушат.

Экспедицияга Индия, Кытай, Россиядан жана башка өлкөлөрдөн 14 жаштан 16 жашка чейинки мектеп окуучулары катышууда.

Алар Мурмансктан Жердин эң жетүүгө кыйын жерлеринин бирине кеме менен жөнөп кетишти.

Уюштуруучулар бул долбоор мектеп окуучуларынын илим, технология жана экологиялык изилдөөлөргө кызыгуусун арттырууга жардам берет деп үмүттөнүшөт.