21-августта Бишкектин бир бөлүгүндө суу болбойт

Коом Загрузка... 19 Август 2025 16:45
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 19.08.25. /Кабар/. 21-августта Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 21-августта саат 10:00дөн 24:00гө чейин
Горький - Жукеев-Пудовкин  - Ахунбаев - Койбагаров - Юнусалиев - Скрябин - Матросов - Медеров - Бектенов көчөлөрү менен чектешкен аймакта суу болбойт.

Суу күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана жөнгө салуучу арматураларды алмаштыруу иштерине байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.