Өткүн өтөт: 21-августка карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 21 Август 2026 08:45
735028104_3892507350892435_1404191267461372106_n.jpg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 21-августка карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +32...+37, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +33...+38, Талас облусунда +27...+32, Ысык-Көл облусунда +28...+30, Нарын облусунда +24...+29 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +32...+34 градуска жетет.