Бишкек, 20.10.26. /Кабар/. 2035-жылга чейин Пекинде ар бир үчүнчү тургун улгайган адам болот. Бул тууралуу Казинформ Beijing Daily басылмасына шилтеме берип жазды.
Маалыматка ылайык, 2035-жылга чейин Кытайдын борборундагы 60 жана андан жогорку курактагы тургундардын үлүшү 33%дан ашат.
2025-жылдын аягына чейин Пекинде 60 жаштан ашкан туруктуу жашоочулардын саны 5,288 миллионго жетип, шаардын жалпы калкынын 24,3%ын түзгөн.
Демографиялык өзгөрүүлөр шаардын администрациясын социалдык жана саламаттыкты сактоо инфраструктурасын реформалоону тездетүүгө түрткү болууда.
Учурда Пекинде карылар үчүн 620 социалдык мекеме, 168 коомдук борбор жана жалпы сыйымдуулугу 155 миң орундуу 1500дөн ашык жергиликтүү тейлөө пункттары бар.
Кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү жогорулатуу максатында, шаар улгайган адамдар үчүн болжол менен 3 миң адистештирилген кам көрүү жана тамактануу пункттарын түздү.