Бишкек, 01.12.25. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн деңгээлин 25 пайызга чейин жеткирүүнү максат кылууда.
Ведомстводон маалымдашкандай, бул максатты ишке ашыруу үчүн өлкө боюнча жалпы 385 ишкананы түзүү пландалууда. Анын ичинен:
- 40 соода-логистикалык борбор (СЛБ);
- 45 ири кайра иштетүүчү ишкана;
- 300 чакан жана орто ишкана.
Ишканалар айыл чарба продукцияларын сактоочу жайларды, эт, сүт, балык, жүн, тери, жашылча-жемиштерди кайра иштетүүчү жана агроөнөр жай багытындагы башка объектилерди камтыйт.
Облустар боюнча пландар төмөнкүдөй:
- Жалал-Абад облусу – 7 СЛБ жана 59 кайра иштетүүчү ишкана;
- Ош облусу – 5 СЛБ жана 53 ишкана;
- Баткен облусу – 8 СЛБ жана 29 ишкана;
- Талас облусу – 4 СЛБ жана 21 ишкана;
- Нарын облусу – 2 СЛБ жана 31 ишкана;
- Ысык-Көл облусу – 6 СЛБ жана 66 ишкана;
- Чүй облусу – 7 СЛБ жана 78 ишкана.
- Бишкек шаары – 5 ишкана.
Эске салсак, пландар райондорду жана айыл аймактарды камтыйт.
Мында аймактар боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүн адистештирилиши эске алынып, бул жаңы ишканаларды курууда чийки заттын базасынын туруктуулугун камсыздоого мүмкүндүк берет.
Мунун натыйжасында айыл чарба продукциясынын жоготуулары кыскарып, кошумча жумуш орундары түзүлүп, агроөнөр жай комплексинин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жогорулатылат. Ошондой эле региондордун экономикалык өсүшүнө өбөлгө болуп, айыл чарба продукциясынын наркын жана кайра иштетүү үлүшүн арттырууга шарт түзүлөт.