2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасы туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоого, калктын жашоо сапатын жогорулатууга жана экономиканын негизги тармактарын комплекстүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган. Документтеги пландарды ишке ашыруу үчүн энергетикалык объекттердин электр энергиясын өндүрүп берүүсү маанилүү десек болот. Анткени кандай гана жаңы объект ишке берилбесин аны үзгүлтүксүз электр жарыгы менен камсыздоо зарыл. Мындан улам 2030-жылга чейин Кыргызстанда энергетика тармагында пайдаланууга бериле турган объекттердин саны жогорулайт. Бул тартыштыкты жоюуга, энергетикалык көз карандысыздыкты камсыз кылууга жана электр энергиясын башка өлкөлөргө экспорттоого мүмкүндүк берет деп белгиленүүдө.

Өлкөнүн экономикасында энергетика тармагы негизги ролду ойнойт, ансыз туруктуу өнүгүү мүмкүн эмес. Электр энергиясын өндүрүүнүн 85%дан ашыгын гидроэлектр станциялары камсыздайт, калган 15% жылуулук электр станциялары тарабынан өндүрүлөт. Акыркы жылдары электр энергиясын керектөө электр энергиясын өндүрүүдөн ашып, анын тартыштыгы, айрыкча кыш мезгилинде байкалууда. Электр энергиясынын тартыштыгын жоюу максатында мамлекет тарабынан ГЭСтерди, күн жана шамал станцияларын, энергетика объекттерин реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча иштер уланууда. Эң масштабдуу долбоорлордун бири болуп кубаттуулугу 1 860 МВт болгон Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу саналат. Жалпысынан 2030-жылга чейин 30га жакын электр энергетикалык объекттерди ишке киргизүү пландалууда, бул тартыштыкты жоюуга, энергетикалык көз карандысыздыкты камсыз кылууга жана электр энергиясын башка өлкөлөргө, атап айтканда CASA-1000 долбоору боюнча экспорттоого мүмкүндүк берет.

CASA-1000 долбоорунун артыкчылыгы жана пайдасы
CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу максатында Кыргызстандын аймагында 300дөн ашык тирөөч курулуп, 500 чакырымдай электр өткөргүч линияларынан турган заманбап энергетикалык инфраструктура курулду. Азыр да иштер улантылууда. Кылымдын ири долбоору Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгынын тарыхында жаңы барак ачып, региондо энергетикалык коопсуздукту жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууга өбөлгө түзөт. Биргелешкен аракеттер менен 2027-жылга чейин бардык тилкелерде CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу жыйынтыкталары айтылган. Долбоордун энергетикалык инфраструктурасын ишке киргизүү менен региондун бардык өлкөлөрү жашыл энергияны алышат деп ишеним артылууда.
CASA-1000 долбоору Кыргызстанда жана Тажикстанда өндүрүлгөн экологиялык таза электр энергиясын Түштүк Азия өлкөлөрүнө Афганистан менен Пакистанга экспорттоого багытталган. Кыргызстанда долбоор заманбап энергетикалык инфраструктураны, анын ичинде 500 кВ электр өткөргүч линияларын жана “Датка” көмөкчордонундагы жаңы уячаны курууну камтыйт. Анткени өлкөнүн эбегейсиз зор гидроэнергетикалык потенциалы бар.
CASA-1000 электр энергия үчүн жаңы экспорттук рынокту ачып, улуттук электр тармагын модернизациялоо, инфраструктураны өнүктүрүү, энергетикалык коопсуздукту чыңдоо жана башка бир катар максаттарды ишке ашырууга шарт түзөт.

Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу иштери уланууда
Энергетика министрлигинен маалымдашкандай, 2025-жылдын 9 айына карата Бишкек-Ош трассасынын 318-чакырымында Камбар-Ата-1 ГЭСинин створунун кирүүчү автожолун куруу иштеринин алкагында 95% жер иштери, 90% бетондоо иштери аткарылды. Чыгуу порталы менен Т-2 туннелинин бүтпөгөн тилкесин курууда туннелди бетондоо иштери аткарылды, ички жол бетондолду, Камбар-Ата-1 ГЭС створунун көмөк чордонун курууда линия тартуу, темир мамычаларды орнотуу иштери 95%га аяктады. 90% көмөкчү чордондун иштери аткарылды. Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш аянтына чейин кирүүчү жаңы автожолдорду куруу үчүн 95%га жер иштери, 85% бетондоо иштери аткарылды. Нарын дарыясы аркылуу Камбар-Ата ГЭС-1 створун көздөй оң жээкте көпүрөнү куруу иштери 35%га бүткөрүлдү. Эми “Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу” долбоорунун алкагында автожол тилкелерин бетондоону, транспорттук туннель жана көмөк чордондун курулушун аяктоо зарыл. Мындан тышкары, көпүрөнүн курулушун улантуу, куруучулар жашай турган аймактагы иштин толук көлөмүн аяктоо мерчемделген.
Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү
Долбоордун алкагында 2025-жылдын 16-июнунда турбина, генератор жана жалпы станциялык жабдуулар боюнча DEC–SM (Кытай–Корея) консорциуму менен келишимге кол коюлган. Келишим 2025-жылдын 8-августунда күчүнө кирген. 2025-жылдын 19-августунда ачык көмөк чордон жана электр чубалгылары боюнча DEC– SM (Кытай–Корея) консорциуму менен келишим түзүлгөн. 2025-жылдын 9-сентябрында басым түтүгү жана суу өткөргүчүнүн жана ГЭСтин имаратынын курулуш бөлүгү боюнча Sinohydro Bureau 16-Sinohydro Joint Venture (Кытай) менен келишимге кол коюлган.
Турбина, генератор жана жалпы станциялык жабдуулар боюнча подрядчиктер убактылуу кеңсе жана жашоого ылайыкталган жайларды курууда. Ошону менен катар учурда иштеп жаткан жабдууларды алдын ала изилдөө, схемалар боюнча баштапкы маалыматтарды чогултуу жана турбинанын моделин өндүрүүчү заводдо даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Чакан жана орто ГЭСтерди куруу
Жыл башынан бери Кыргызстанда жалпы кубаттуулугу 41,29 МВтты түзгөн 5 чакан ГЭС ишке берилди.
- Аксы ГЭСи - 4,75 МВт;
- Боз-Учук ГЭСи - 5,54 МВт;
- Койсуу ГЭСи - 9 МВТ;
- Ысык-Ата-2 ГЭСи - 4 МВТ;
- Кара-Көл ГЭСи - 18 МВт.
Жыл аягына чейин дагы жалпы кубаттуулугу 3,93 МВтты түзгөн 4 чакан ГЭС ишке берүү пландалууда. Бүгүнкү күндө кубаттуулугу 1,95 МВтты түзгөн күн электр станциясы иштеп жатат. Кубаттуулугу жалпы 3150 МВтты түзгөн 5 күн электр станциясын жана 1 шамал электр станциясын куруу боюнча компаниялар менен инвестициялык макулдашууларга кол коюлду. 27-октябрда Кара-Көл ГЭСи президент Садыр Жапаровдун катышуусунда ишке берилди. Ал эми Орто-Токой ГЭСинде курулуш иштери улантылып, Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо кызуу жүрүп жатат.

Жашыл энергетика фондунун директору Эмилбек Орозбаев билдиргендей, 2025-жылдын 1-августуна карата өлкө боюнча энергиянын кайра жаралуучу булактарын өндүрүүчүлөргө жалпы 61 жер тилкеси берилген. Кичи ГЭС куруу үчүн 45 жер тилкеси, күн станциясы үчүн 15, ал эми шамал станциясын курууга бир жер тилкеси берилген.

“Жер кандай ыкма менен кантип берилет деген суроо жаралса, жер алууну каалаган жарандар фондго кайрылуулары зарыл. Бизде тийиштүү адистер бардык маалыматтарды беришет. Жаран бизге келгенден тартып, долбоор аягына чыкканга чейин фонд толугу менен коштоого алат. Бюрократияны жоюп, бир мамлекеттик мекемеден бүткүл уруксат кагаздарын алуу максатында ушул фонд түзүлүп, учурда “Бирдиктүү терезе” механизми менен иштеп келе жатабыз. Жашыл энергетика фондунун ишмердүүлүк жүргүзгөнүнө 3 жылга чукулдап, бул мөөнөттө көп иштер аткарылды”,- дейт Орозбаев.

Канчалаган энергетикалык объекттер курулган сайын бул тармакта иштей турган адистер талап кылынат. №100 кесиптик лицейдин директору Индира Куралбекова “Кабар” агенттигине маалымдагандай, лицей жашыл энергетика боюнча да кесип ээлерин даярдай баштады.

“№100 кесиптик лицейи — энергетика жана тейлөө тармагындагы жумушчу кадрларды даярдаган өлкөдөгү алдыңкы окуу жайлардын бири. Учурда лицейде 700дөн ашык студент билим алууда. Стандарттуу адистиктерден тышкары заманбап доордун талабы болгон жаңы багыттарга басым жасоодобуз. Алардын катарында күн панелдерин орнотуучу, шамал станцияларын куруучу, тамчылатып сугаруу системасын орнотуучу, көмүрдү булгабай жылытуучу, жылытуучу насосторду коюучу кесиптер бар. Биздин бүтүрүүчүлөр Кыргызстандагы бардык энергетикалык объекттерде иштеп жатат. Былтыр лицей Энергетика министрлиги менен келишим түзгөн. Ошондой эле студенттерибиз өлкөдө курулуп жаткан чакан ГЭСтердин курулуш иштери менен таанышып, практикалык көндүмдөрүн үйрөнүшүүдө. 35 жаштан 55 жашка чейинки жарандар да биздин 3 айлык кыска мөөнөттүү курстардан өтүп, сертификаттарын алып кетүүдө”, - деди Куралбекова.

Өлкөдө электр энергиясын өндүрө турган энергетика объекттеринин жаңыларын куруу, эскилерин жаңылоо иштери кызуу жүрүп жатканын КМШнын эмгек сиңирген энергетиги, техника илимдеринин доктору Карыпбек Алымкулов “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, чакан ГЭСтерди куруу боюнча бир катар иштер аткарылды. Дагы долбоорлорду ишке ашыруу пландалып жатат.

Ошондой эле Карыпбек Алымкулов Камбар-Ата-1, Камбар-Ата-2, Токтогул ГЭСтеринде жана башка объекттердеги жүргүзүлүп жаткан жумуштар электр энергиясынын көлөмүн көбөйтүүгө өбөлгө түзөт. CASA-1000 долбоору аркылуу электр энергиясын экспорттоого да мүмкүндүк берет деп эсептейт.
“1-2 жылдын ичинде Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегаты ишке кирип калат деп пландалып жатат. Бул да биздин өлкөгө чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет. Ошону менен катар кытайлык инвесторлор күн электр станциясын кура турганын айтышты, бул да кошумча электр энергиясын берет деп ойлойм. Чакан ГЭСтер ошол аймактагы электр энергиясын колдонуучуларын тейлейт. Мына Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга Европа инвестициялык банкы 500 млн доллар, Европа реконcтрукциялоо жана өнүктүрүү банкы 500 млн долларга чейин долбоорду каржылоо макулдашылганы айтылган эле. 2026-жылы ГЭСте иштер активдүү башталганы турат. Камбар-Ата-1 ГЭСи чоң объект болгондуктан, 2032-жылы аяктайт деп жатышат. Биринчи агрегаты 2028-2029-жылдары ишке берилип калышы мүмкүн. Ушул темп менен жүрө турган болсок, энергетиктер пландарын жүзөгө ашыра берсе, келечекте биздин өлкө электр энергиясын импорт кылбай калат. Өзүбүздөн өндүрүлгөн электр энергия өзүбүзгө жетет. Ири долбоорлордун бири болгон CASA-1000 долбоору бүтөрүнө аз калды. Анын алкагында жайкысын Пакистан менен Афганистанга электр энергиясын экспорттой баштайбыз. Муну менен эле чектелбей, кийин Кытайга да энергияны экспорттоого жетишип калышыбыз толук мүмкүн”, - деп белгиледи Карыпбек Алымкулов.