5-июнда президент Садыр Жапаров 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө жарлыкка кол койгон. Бул стратегиялык документ Кыргызстандын орто мөөнөттүү өнүгүүсүнүн артыкчылыктарын жана максаттарын аныктайт. Ал туруктуу өсүштү камсыздоого, калктын жашоо сапатын жогорулатууга, адамдык потенциалды ачууга, коомдун биримдигинин жана ички күчүнүн тиреги болгон руханий баалуулуктарды чыңдоого багытталган. Программада бардык милдеттер жарандардын татыктуу, коопсуз жана келечектүү турмушун камсыздоого бириктирилген. Бул ирет биз программадагы максаттарга ылайык, Жалал-Абад облусунан сунушталып жаткан долбоорлорго токтолобуз.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын экономика жана аймактык комплексти өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Аскат Асанов “Кабар” агенттигине билдиргендей, Улуттук өнүктүрүү программасында облуста ишке ашырылып жаткан бир катар долбоорлор камтылууда. Алардын арасында инфраструктура, өнөр жай, энергетика жана айыл чарба тармагындагы бир катар долбоорлор бар.
Анын айтымында, 2030-жылга чейинки программаны ишке ашыруу боюнча милдеттер Жалал-Абад облусунун бардык райондоруна маалымдалып, жумушчу топтор түзүлгөн. Учурда ар бир район, шаар үчүн 2030-жылга чейинки өнүктүрүү программалары толугу менен бүткөрүлүп, облустун планы такталып жатат.
Өнөр жай жана инфраструктура
Аскат Асанов белгилегендей, негизги фонддорду модернизациялоо, өнөр жай ишканаларын ишке киргизүү пландалууда. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору жүзөгө ашырылып жатат, иштин олуттуу бөлүгү Жалал-Абад облусунун аймагында жүргүзүлүүдө.
"Курулушту алты жылдын ичинде бүтүрүү мерчемделүүдө. Керектүү электр чубалгылары кытайлык подрядчылар тарабынан тартылып, ачылышына энергетика министри Таалайбек Ибраев катышты. Азыр бул линиялар толугу менен даяр", - деди Асанов.

Темир жол боюнда кичи цехтер, жатаканалар жана башка объектилер курулуп жатат. Сузак районунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин катышуусунда туннелди бургулоо боюнча иштери башталган. Ушундай эле иштер Тогуз-Тородо дагы жасалып жатат.
Энергетика
Жалал-Абад облусу электр энергиясынын маанилүү булагы болуп саналат. Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Токтогул, Аксы, Ала-Бука, Чаткал жана Тогуз-Торо райондорунда 20дан ашык чакан ГЭСтер курулууда.
“Станциялар үчүн жерлер бөлүнүп, “Жашыл энергетика” фондуна өткөрүлүп берилди. Аксыда эки ГЭС курулуп жатат, анын бири 31-августта пайдаланууга берилет. Токтогулда дагы эки ГЭС курулуп жатат, анын бири жыл аягына чейин ишке берилет. Жалпысынан 20 ГЭСтин ону боюнча иштер жүрүп жатат. Калган долбоорлор боюнча инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө”, - дейт Жалал-Абад облусунун экономика жана аймактык комплексти өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы.
Токтогул суу сактагычында жана Кара-Көл шаарында калкып жүрүүчү күн электр станцияларын куруу долбоору ишке ашырылууда. Ошондой эле Ноокен жана Токтогулда шамал электр станцияларын куруу үчүн жерлер тандалды, ал эми күн электр станциялары үчүн аймактар Базар-Коргон, Таш-Көмүр, Аксы, Ала-Бука жана Тогуз-Тородо аныкталган.

Тоо-кен жана өнөр жай
Асановдун пикиринде, Кумтөрдөн кийин экинчи орунда турган алтын өндүрүүчү фабрикалар Ала-Бука, Чаткал жана Тогуз-Тородо иштеп жатат. Модернизациялоо жана жаңы өндүрүш ишканаларын, анын ичинде Ала-Букада фабриканы ачуу пландалууда. Ошондой эле көмүргө бай Сузак районунда быйыл эки жаңы көмүр кени ишке киргизилмекчи.

Айыл чарбасы
“Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда айыл чарба рынокторун жана эркин экономикалык аймактарды жөгөн салуу үчүн атайын соода-экономикалык борборлорду куруу пландалууда. Сузак жана Ноокен райондорунда көчөттөрдү өстүрүүчү инвитро-лабораторияларды куруу мерчемделип жатат, алар облустун керектөөсүн толугу менен камсыздап, башка аймактардан келген көз карандылыкты азайтат”, - деп белгиледи Аскат Асанов.
Суу ресурстары жана ирригация
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасы менен жаңы суу сактагычтарды куруу боюнча сунуштар даярдалды. Тактап айтканда, Базар-Коргондогу Кара-Үңкүр дарыясына көлөмү 80 млн куб метрге жеткен суу сактагыч куруу пландап жатабыз, болжолдуу баасы 7-10 млрд сомду түзөт. Сузак районундагы Көк-Арт дарыясына дагы 15 млн куб метрлик суу сактагыч куруу каралууда.
Белгилей кетсек, Ала-Букада 2030-жылы пайдаланууга бериле турган суу сактагыч курулууда. Мындан тышкары, облустагы ар бир райондо чакан сугаруу системаларын куруу долбоорлору ишке ашырылууда.

Токой чарбасы жана жашылдандыруу
Асанов маалымдагандай, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен быйыл Барпыда 100 гектар, Ноокенде 300 гектар жерге көчөттөр отургузулду. 2030-жылга чейинки стратегиялык планда ар бир райондо 50-200 гектар жайыт жана пайдаланылбай жаткан жерлерге жыл сайын бак-дарак отургузуу каралган.
Ош-Бишкек автожолунун жана Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун боюна жаңгак көчөттөрүн отургузуу боюнча “Жаңгак туннели” долбоору иштелип чыгууда.

Турак жай жана жол инфраструктурасы
Жылдык планга ылайык, облус боюнча 280 чакырым жолго асфальт төшөө каралган. Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун тилкесин куруу, ошондой эле район жана шаарлардын жолдорун жыл сайын жаңылоо иштери жүрүп жатат.
Мындан тышкары, Жалал-Абадда жана башка райондордо “Асман-1” - “Асман-12” турак жай комплекстери курулуп жатат. Райондун борборлорунда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын үйлөрүн куруу пландалууда. Үстүбүздөгү жылдын май айында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда “Асман-1” жана “Асман-5” үйлөрү пайдаланууга берилген. 31-августта дагы бир нече объекттер берилери күтүлүүдө.

Суу менен камсыздоо
"Калкты ичүүчү таза суу жана канализация менен камсыздоо курч көйгөй бойдон калууда. Облуста 453 айыл бар, алардын көбүңдө суу түтүктөрүнүн системалары реконструкциялоого муктаж.
Жалал-Абад, Таш-Көмүр жана Майлуу-Суу шаарларында Дүйнөлүк банктын суу түтүктөрүн жана канализация системаларын модернизациялоо боюнча долбоорлору ишке ашырылууда. 2030-жылга карата облустун бардык ири калктуу конуштары жаңыланган системалар менен толук камсыз болот”, - деп кошумчалады президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн экономика жана аймактык комплексти өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Аскат Асанов.
Кошумчалай кетсек, 31-август – Эгемендүүлүк күнүнө карата 34 объектти пайдаланууга берүү пландалып жатат. Мындан тышкары, 2026-жылы Жалал-Абад эл аралык аэропортунун ачылышы күтүлүүдө.