5-июнда президент Садыр Жапаров 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө жарлыкка кол койгон. Бул стратегиялык документ Кыргызстандын орто мөөнөттүү өнүгүүсүнүн артыкчылыктарын жана максаттарын аныктайт. Ал туруктуу өсүштү камсыздоого, калктын жашоо сапатын жогорулатууга, адамдык потенциалды ачууга, коомдун биримдигинин жана ички күчүнүн тиреги болгон руханий баалуулуктарды чыңдоого багытталган. Программада бардык милдеттер жарандардын татыктуу, коопсуз жана келечектүү турмушун камсыздоого бириктирилген. Бул ирет биз документте белгиленген максаттарга ылайык, Ысык-Көл облусунда аткарылып жаткан жана мерчемделген иштерге токтолобуз.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Арпачиев “Кабар” агенттигине билдиргендей, программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар пландары иштелип чыгууда. Өкүлчүлүк Экономика жана коммерция министрлигине Ысык-Көл облусун өнүктүрүү боюнча бир катар багыттарды камтыган сунуштарды беришкен. Анда айыл чарбасы, туризм, энергетика, экология, калктын жашоо турмушун жакшыртуу, социалдык тармактар камтылган.

Айыл чарба
“Айыл чарбасы боюнча айта турган болсок, логистикалык борборлорду көбөйтүү маселеси документке киргизилип жатат. Мында өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын сапаттуу сактоо, таңгактоо, рынокко чыгаруу үчүн логистикалык борборлордо кармоо боюнча сунуштарыбызды камтыдык. Айыл чарба тармагында ирригацияны жакшыртуу маселеси да турат. Анткени айыл чарбасынын өнүгүшүнүн бирден бир себеби ирригация системасы болуп саналат. Ирригация боюнча биздин облуста көп көйгөйлөр бар, маселен, жаңы каналдарды, суу сактагычтарды куруу. Ошондуктан ирригация системасы орчундуу багыт болуп белгиленди. Мындан тышкары, жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу да каралган. Анда жайытка кеткен жолдор, жайыттарды рационалдуу пайдалануу да киргизилип жатат. Дагы бир багыт бул асыл тукум жана үрөнчүлүк чарбалардын материалдык-техникалык базаларын чыңдоо, аларга жеңилдетилген насыяларды берүү. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусундагы каражаттарды пайызсыз негизде асыл тукум жана үрөнчүлүк чарбаларга берүүнү пландап жатабыз”, - деди Данияр Арпачиев.

Туризм
Ал ошондой эле кийинки багыт туризм экенин, бул тармак облуста динамикалуу темп менен өнүгүшүн көрсөтүп жатканын айтты.
“Жайкы жана кышкы туризм облуста өнүгүп жатат. Туристтерге сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн биринчи кезекте инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырышыбыз керек болот. Буга жол салуу, жол жээгиндеги кызмат көрсөтүүчү жайларды жакшыртуу боюнча иш пландарыбыз бар. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой Ысык-Көлдүн айланма жолунун курулуш иштери жүрүп жатат. Иштерди сапаттуу бүткөрүү зарыл. Туристтерди тейлей турган объекттерди салуу боюнча көп ишкерлерден долбоорлор сунушталып жатат. Президенттин “Ысык-Көлдүн экологиясын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгы бар. Ага ылайык, облустагы эс алуу жайлар саркынды сууну тазалоочу курулмасы жок иштебеши керек. Бул багыттада иштер жүрүп жатат ”, - дейт президенттин облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары.

Экология жана жашыл энергетика
Ошол эле маалда улуттук программада экологияга улай энергетика маселеси да унутта калган эмес.
“Биздин облуста энергиянын кайра жаралуу булактары – шамал электр станциялары, чакан ГЭСтер актуалдуу болууда. Ушул багытта ишканаларды кеңейтүү боюнча иштерди пландап жатабыз. Тоң районунда бөлүнгөн жерлерде 3-4 компания иштеп жатат. Учурда ушундай 30га жакын ГЭСтерде курулуш иштери жүрүп жатат. Эгемендүүлүк күнүнө карата 2 ГЭС пайдаланууга берилет. Биринчиси, Ак-Суу районунун Боз-Учук айылындагы “Ананьево” ГЭСи. Кийинкиси Ысык-Көл районундагы Койсу ГЭСинде да иштер аяктоо алдында турат. Жалпысынан 19 өнөр жай ишканасы жыл аягына чейин ишке кириши керек”, - деп белгиледи Данияр Арпачиев.

Социалдык камсыздоо
Калкты социалдык жактан камсыз кылуу максатында бала бакча, мектеп, маданий жана саламаттык сактоо мекемелерин куруу да жаңы документке киргизилүүдө.
“Калкты таза суу менен камсыз кылуу да негизги багыттардан. Айылдардын дээрлик 75 пайызы таза суу менен камсыз болду. Мамлекеттик ипотекалык компания менен тыгыз иш алып баруудабыз. Балыкчы, Чолпон-Ата, Каракол шаарларында ипотекалык турак жай курулууда. 31-августка карата Курулуш министрлиги тарабынан 13 социалдык объект пайдаланууга берилет. Анын ичинде мектеп, бала бакчалар бар. Жыл соңуна дейре дагы 10 объект тапшырылат. Мындан тышкары, өнүктүрүү фондубуздун эсебинен дагы 4-5 объектти даярдап жатабыз”, - деп кошумчалады Данияр Арпачиев.