5-июнда президент Садыр Жапаров 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө жарлыкка кол койгон. Бул стратегиялык документ Кыргызстандын орто мөөнөттүү өнүгүүсүнүн артыкчылыктарын жана максаттарын аныктайт. Ал туруктуу өсүштү камсыздоого, калктын жашоо сапатын жогорулатууга, адамдык потенциалды ачууга, коомдун биримдигинин жана ички күчүнүн тиреги болгон руханий баалуулуктарды чыңдоого багытталган. Программада бардык милдеттер жарандардын татыктуу, коопсуз жана келечектүү турмушун камсыздоого бириктирилген. Бул ирет биз документте белгиленген максаттарга ылайык, Ош облусунда аткарылып жаткан жана мерчемделген иштерге токтолобуз.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев “Кабар” агенттигине маалымдагандай, улуттук программаны ишке ашыруунун алкагында Ош облусу боюнча 2030-жылга чейинки артыкчылыктуу багыттарды камтыган сунуштар иштелип чыкты. Учурда облус жетекчилиги тарабынан Экономика жана коммерция министрлигине Ош облусунун потенциалын толук пайдаланууга багытталган бир катар долбоорлор сунушталып, тиешелүү иш-чаралар планына кошуу үчүн каралууда. Анда өсүү мүмкүнчүлүгү жогору болгон тармактар катары: айыл чарба, энергетика, инфраструктура, чакан жана орто бизнес, туризм, социалдык тейлөө, билим берүү жана медицина сыяктуу негизги багыттар аныкталды.

Айыл чарба
Илияз Таштабаевдин пикиринде, Ош облусунун экономикасында айыл чарба тармагы негизги ролду ойнойт. Бул багытты туруктуу өнүктүрүү үчүн сунушталган иш-чаралардын негизинде айыл чарба продукцияларын өндүрүүдөн тартып, сактоо жана сатууга чейинки бардык баскычтар боюнча натыйжалуу механизмдерди киргизүү пландалууда.
“Аймактын климаттык жана географиялык өзгөчөлүктөрүнө ылайык, логистикалык борборлорду куруу артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Өзгөн районунун Ак-Жар жана Кара-Суу районунун Папан айыл аймактарында жалпы сыйымдуулугу 1 400 тонна болгон заманбап логистикалык борборлорду куруу аркылуу өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын сапаттуу сактоо, таңгактоо жана базарга чыгарууга инфраструктура түзүлмөкчү. Бул борборлордун ишке кириши менен дыйкандар продукцияларын жоготпой сатууга мүмкүнчүлүк алышат жана экспорттук дарамет да жогорулайт", - деп айтты ал.

Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү
Илияз Ташбаевдин айтымында, чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү багыты боюнча бир катар маанилүү долбоорлор иш-чаралар планына киргизилүүдө. Негизги максат жергиликтүү өндүрүштү жандандырып, жаңы жумуш орундарын түзүү менен аймактагы калктын киреше булактарын кеңейтүүгө багытталат.
“Облуста өндүрүш ишканаларын ачуу үчүн инвесторлорду тартуу боюнча аракеттер көрүлүүдө. Ош облусунда “Шунфа” ЖЧКсы тарабынан автоунаа чыгаруу жана чогултуу боюнча өндүрүштүк завод куруу пландалууда. Бул завод ишке берилсе, 200дөн ашуун адам туруктуу жумуш ордуна ээ болот. Мындан тышкары, “Лифан” ЖЧКсы тарабынан аккумуляторлор жана күн нурунан кубат алуучу чырактарды өндүрүүчү завод куруу да каралып жатат. Бул долбоор 100 жаңы жумуш орундарын түзүп, жаңы технологияларды пайдаланууга жол ачат.
Ошондой эле биз кичи шаарларда жана айыл аймактарда жергиликтүү өндүрүштү жандандыруу максатында темир-бетон конструкцияларын чыгарган муниципалдык заводдорду куруу демилгесин көтөрүп жатабыз. Мындай объекттерди ачуу — мамлекеттик колдоого муктаж аймактарда чакан ишкердикти активдештирүүнүн бирден-бир механизми”, - дейт ал.

Инфраструктураны өнүктүрүү
Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө транспорт жана коммуналдык инфраструктуранын сапаты негизги орунду ээлейт. Аймактын келечектеги өнүгүүсүнө жол ачуу үчүн инфратүзүмдү жаңыртуу жана кеңейтүү багытында бир катар ири долбоорлор сунушталып жатат.
“Анын ичинде эң маанилүүлөрүнүн бири Ош – Өзгөн эл аралык автожолун заманбап 4 тилкелүү жол кылып реконструкциялоо долбоору болуп саналат. Бул жолду кеңейтүү менен бирге веложолдорду куруу дагы пландалууда. Долбоор аймактар ортосундагы транспорт байланыштарын жакшыртып, соода-экономикалык жана социалдык активдүүлүктү жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Мындан тышкары, коммуналдык инфраструктураны жакшыртуу дагы бир артыкчылыктуу багыт экенин айтсак болот. Айрыкча саркынды сууларды тазалоо жана канализация системаларын куруу маселеси өзөктүү маселелердин бири. Буга байланыштуу Ноокат шаарында саркынды суу тазалоочу системаны куруу боюнча иштерди баштоо, ошондой эле Алай, Араван жана Кара-Кулжа райондорунун борборлорунда мындай системаларды долбоорлоо жана куруу пландалууда. Бул иштер аймактагы санитардык абалды жакшыртуу менен катар, турмуш-тиричиликтин сапатын да жогорулатат”, - деп белгиледи Илияз Ташбаев.

Социалдык өнүктүрүү
Ошондой эле президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары билдиргендей, аймакты өнүктүрүүдө социалдык тармакты колдоо Ош облусунун 2030-жылга чейинки өнүгүүсү үчүн сунушталган иш-чаралар планында кеңири чагылдырылды. Айрыкча бала бакча менен камсыз кылуу, мектептердин абалын жакшыртуу, медициналык тейлөө жеткиликтүүлүгүн арттыруу сыяктуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулууда.
Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетишсиздиги көйгөйүн чечүү үчүн жыл сайын облус боюнча ар бир муктаж райондо бештен жаңы бала бакча куруу сунушталууда. Мындан тышкары, үй тибиндеги чакан бала бакчаларды ачуу аркылуу алыскы айылдарда жашаган балдардын билим алууга жеткиликтүүлүгү жакшырмакчы. Бул аракеттердин жыйынтыгында 2030-жылга чейин мектеп жашына чейинки балдардын 80%га чейинкиси бала бакча менен камтылышы күтүлүп жатат.
“Мектептер боюнча токтолсок, башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак берүү системасын кеңейтүү маселеси дагы каралды. Бул максатта мектеп ашканаларын капиталдык оңдоодон өткөрүү жана жаңы заманбап ашкана курулуштарын камсыз кылууну пландап жатабыз. Аталган иш-чаралар билим берүү чөйрөсүндөгү теңсиздикти кыскартып, окуучулардын ден соолугун сактоого да салым кошот.
Медицина багытында болсо, Ош облустар аралык онкология борборунун жаңы имаратын куруу сунушталып жатат. Бул долбоордун ишке ашырылышы менен онкологиялык оорулардын эрте аныктоого жана дарылоого мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын арттыруу менен катар тургундардын ири борборлорго кетүүсүнүн да зарылдыгы азаят”, - деп кошумчалады Илияз Ташбаев.