Биздин максат 2030-жылга чейин балдарды бакча менен камтууну 80 пайызга жеткирүү – Касымалиев

Коом 21 август 2026 10:30
Биздин максат 2030-жылга чейин балдарды бакча менен камтууну 80 пайызга жеткирүү – Касымалиев
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. 2030-жылга чейин мектепке чейинки билим берүү менен камтууну 80 пайызга жеткирүү биздин минималдык максат. Бул тууралуу “Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим — өнүккөн өлкө” аталышындагы улуттук педагогикалык форумунун ачылышында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылы мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 22 пайыздын тегерегинде болсо, 2025-жылы 51 пайызга жеткен.

“Билим берүү адам капиталын өнүктүрүүнүн, экономикалык өсүштүн жана өлкөнүн атаандаштык жөндөмүнүн негизги фактору. Бала бакча, мектеп, кесиптик лицей, колледж жана университет өз өзүнчө жаңыланбастан, адамдын мектепке чейинки курагынан тартып кесиптик жана жогорку билимге андан ары өмүр бою билим алуусуна чейинки бирдиктүү билим берүү траекториясы калыптанууда.
Кылым жаша, кылым оку дегендей, өмүр бою билим алуу бүгүнкү доордун талабына айланып, күчтүү адам капиталын калыптандыруунун негизин түзөт. Мектепке чейинки билим терең мүмкүнчүлүктөрдүн башаты. Билим берүүдө мектепке даярдык баланын эрте өнүгүүсү өзгөчө мааниге ээ. Биздин максат баланын кандай шартта төрөлгөнүнө карабастан, өнүгүүгө, тарбияга жана сапаттуу мектепке чейинки билимге мүмкүнчүлүк түзүү”,- деди Касымалиев.

Минкаб төрагасы жаңы доорго жаңы билим, жаңы билимге жаратман педагог керек экендигин кошумчалады.

Эскерте кетсек, Бишкектеги “Сейтек” балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборунда бүгүн “Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим — өнүккөн өлкө” аталышындагы улуттук педагогикалык форуму өтүүдө. Иш-чарада 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алгачкы жыйынтыктары, жаңы окуу жылына даярдык жана мектептик билим берүүнү өнүктүрүүнүн негизги багыттары талкууланууда.