Кыргызстанда 2030-жылга чейин чакан жана орто ишкердиктин ИДПдагы үлүшүн 50%га жеткирүү пландалууда

Экономика Загрузка... 30 Октябрь 2025 13:31
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Бишкек, 30.10.25 /Кабар/. Кыргызстан 2030-жылга чейин ички дүң продукциядагы чакан жана орто ишкердик субъекттеринин (ЧОИ) үлүшүн 50 пайызга чейин көбөйтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Улуттук өнүктүрүү форумунун жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.

Анын айтымында, 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасында 25 жергиликтүү технологиянын прототибин иштеп чыгуу жана ишкерлерди колдоонун бирдиктүү экосистемасын түзүү боюнча чаралар каралган.

“Сертификациялоо системасын киргизүү, индустриялык саясат жана өнөр жайды өнүктүрүү боюнча мыйзамдарды кабыл алуу, жеңилдетилген лизинг, насыялоо жана субсидиялоо механизмдерин өркүндөтүү пландаштырылууда. Биздин максат — чакан жана орто ишкердиктин ИДПдагы салымын 50 пайызга жеткирүү. Бул өлкөнүн туруктуу өсүшүнө жана аймактардагы жумуш орундарын көбөйтүүгө өбөлгө болот”, - деди Амангелдиев.

Ал белгилегендей, бул максаттарды ишке ашыруу үчүн төмөндөгүдө бизнеске колдоо көрсөтүү инфраструктурасы өнүктүрүлөт:

  • эл аралык донорлордун катышуусунда жаңы фонддор жана каржылык инструменттер түзүлөт;
  • ишкерлер менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн жөнөкөйлөштүргөн онлайн-сервистер ишке киргизилет;
  • санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү жана ESG-стандарттарды киргизүү боюнча билим берүү программалары башталат;
  • айым ишкерлер үчүн жаңы каржы продуктулары, ал эми экспорттоочулар үчүн кепилдик инструменттери иштелип чыгат;
  • күрөөсүз насыя берүү жана материалдык эмес активдерди камсыздоо формасы катары пайдалануу үчүн нормативдик база даярдалат.

Министрлер кабинетинин баалоосу боюнча, бул чаралар туруктуу жана инклюзивдүү бизнес чөйрөнү түзүүгө, кыргыз компанияларынын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана өлкөнүн аймактык экономикадагы позициясын бекемдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.