Олимпиада - 2028: Лос-Анжелесте өтө турган мелдештердин графиги жарыяланды

Спорт Загрузка... 15 Июль 2025 09:50
WhatsApp Image 2025-07-15 at 09.16.10.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 15.07.25./Кабар/. 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган жайкы Олимпиада оюндарындагы мелдештердин толук графиги жарыяланды. График 2028-жылкы Олимпиада оюндарынын сайтына жайгаштырылды.

Биринчи квалификациялык мелдештер 12-июлда башталат. Бул күнү чөп үстүндөгү хоккей, регби-7, баскетбол, суудагы поло, гандбол, крикет жана футбол боюнча мелдештер өтөт.

Алгачкы медалдар 15-июлда триатлон боюнча тапшырылат. Ошондой эле бул күнү фехтование, дзюдо, жеңил атлетика, регби-7, ок атуу боюнча таймаштар уюштурулат.

Мелдештин акыркы күнүндө (30-июль) спортчулар бокс, күрөш, жеңил атлетика (марафон), велоспорт, сууда сүзүү, баскетбол жана волейбол боюнча күч сынашат.

Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи 15-июлга караган түнү болот. Ал эми жабылышы 31-июлга караган түнү өтөт.