Бишкек, 04.08.25. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн дүйнөлүк "Рух Санат" салттуу маданият жана музыка фестивалынын алкагында, кийинки фестиваль 2027-жылы Жалал-Абад облусунда өтөрү расмий жарыяланды.
Бул чечим президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен кабыл алынган.
Фестивалдын жүрүшүндө муундардын байланышын символдогон жыгач комузду өткөрүп берүү аземи болуп өттү. Анда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов салтанаттуу түрдө фестивалдын символу болгон комузду президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевге тапшырды.
Бул салт фестивалдын идеясы болгон улуттук мурасты улантуу жана аймактар аралык маданий байланышты чыңдоонун символу катары кабыл алынууда.