Бишкек, 07.09.26. /Кабар/. 2027-жылы ФИФА президентин шайлоо өтөт. Бул тууралуу Euronews жазды.
Маалыматка ылайык, ФИФАнын кезектеги президенттик шайлоосу келерки жылдын 18-мартында Марокконун Рабат шаарында ФИФАнын 77-конгрессинин алкагында өтөт.
ФИФАнын азыркы жетекчиси Жанни Инфантино 2016-жылы шайланган.
Ал Канаданын Ванкувер шаарында өткөн 76-конгресске катышып сөз сүйлөп жатып, кайрадан президенттикке ат салышуу ниетин билдирген болчу.